Атайын кызмат Кара-Суу районундагы майнинг-чарбасын жапты. 650 жабдуу алынды
RU

Атайын кызмат Кара-Суу районундагы майнинг-чарбасын жапты. 650 жабдуу алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Энергетика тармагындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, ошондой эле республикада электр энергиясынын олуттуу жетишсиздигин эске алуу менен, УКМК кызматкерлери майнинг чарбасынын (өндүрүшүн) мыйзамсыз иштерин аныктап, бөгөт коюшту. Кылмышкерлер Кыргыз Республикасынын электр тармактарына эбегейсиз зыян келтирип Ош облусунда криптовалюта өндүрүп келишкен).

Комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, Кара-Суу районунун Кожокелен айылында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө майнинг чарбасынын ишмердүүлүгү аныкталды.

Бул факт боюнча, улуттук коопсуздук органдары сотко чейинки процесстин материалдарын бирдиктүү реестрге алып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 3-бөлүгү. Кылмыш ишинин алкагында 650гө жакын майнинг иштерин уюштуруу үчүн жабдуулар алынды.

Учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар адамдардын бардыгын аныктоо иштери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2031