"Столица" Демократиялык партиясы курултай өткөрдү
RU

"Столица" Демократиялык партиясы курултай өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-июнда Бишкекте Столица Демократиялык партиясынын курултайы болуп өттү. "Столица" Бишкек шаардык кеңешиндеги шайлоого жаңыланган курам менен толуктап, кайра шайлоого катышканы турат.

Партиянын саясий кеңешинин бирдиктүү чечими менен бишкектик активист Данияр Өмүрзаков лидерликке көрсөтүлгөн.

Данияр Өмүрзаков июнь айында маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосундагы коомдук транспорттогу кырдаалдан кийин БГКга шайлоого катышуу чечимин кабыл алган: "Мен өзүм автобустарда бир нече каттамдарды айдап, эл менен сүйлөштүм. Шаардын көйгөйү коомдук транспорттогу көйгөй менен эле чектелбейт. Турмуштун бардык тармактарын көйгөйлөр курчап алган: билим берүү, кымбатчылык, дары-дармек, аялдамалар. Ушунун баарын көрүп мен шаардык кеңешке барууну чечтим. "

Ошондой эле курултайда талапкерлердин тизмеси бекитилип, партиянын программасы сунушталды, анда партиянын, борбор шаарды өнүктүрүүнүн инновациялык ыкмалары сунушталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2032