"Биздин Кыргызстан" партиясы Бишкек жана Ош кеңештерине талапкерлердин тизмесин бекитти
RU

"Биздин Кыргызстан" партиясы Бишкек жана Ош кеңештерине талапкерлердин тизмесин бекитти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 12-июнда Бишкекте жаңы саясий партиянын конференциясы болуп, анда Бишкек шаардык кеңешине шайлоого талапкерлердин тизмеси бекитилди.

Конференциянын жүрүшүндө "Жаратуучулардын жолу" аттуу шаарды өнүктүрүү программасы сунушталды.

Партиянын негиздөөчүсү жана лидери Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов. Ал өз сөзүндө Кыргызстанда тез арада чечилиши керек болгон бир катар көйгөйлөр бар экендигин белгиледи.

"Өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүшүн камсыз кылуу - бул тарых жана келечек муундар алдындагы биздин ыйык милдетибиз", - деди Айбек Осмонов.

Съезддин коноктору - Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов, Марлен Маматалиев, Акылбек Кемелов, алар өлкөнүн жаш жана прогрессивдүү лидерлеринин демилгелерин кызуу колдой тургандыктарын белгилешти.

Бүгүн Ош шаарында "Биздин Кыргызстан" партиясынын конференциясы да өттү. Иш-чараны партиянын Ош шаардык бөлүмүнүн лидери Медер Абдыманапов ачты.

Конференциянын жүрүшүндө Ош шаардык кеңешиндеги ушул саясий бирикмеден ат салышкан талапкерлердин тизмеси бекитилди.

Конференцияга белгилүү инсандар жана саясатчылар чакырылган. Алар "Биздин Кыргызстан" жаңы саясий биримдигине ийгилик каалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2043