Жаңы жылдан кийин университеттер жана колледждер кадимки окуу форматына өтүшү мүмкүн
RU

Жаңы жылдан кийин университеттер жана колледждер кадимки окуу форматына өтүшү мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жылдан кийин университеттер жана колледждер салттуу форматтагы окутууну жандандырышы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда өткөн басма-сөз жыйыны учурунда Билим берүү министринин орун басары Нурлан Омуров билдирди.

Азыркыдай кырдаалда офлайн окутууга уруксаатты штаб эле бере алат, деп Омуров белгиледи.

Омуровдун айтымында, жогорку окуу жайлардагы жана колледждердеги реалдуу режимде окутуу форматын жандандыруу үчүн "гибриддик алгоритм" иштелип чыккан. Окуу жылынын экинчи жарымынан баштап аралаш форматта билим берүу үчун окутуу процессин уюштурууга даярдык көрүлүп жатат, деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/204