9 миллион сомдон ашык турган жер тилкени прокуратура мамлекеттик менчикке кайтарды
RU

9 миллион сомдон ашык турган жер тилкени прокуратура мамлекеттик менчикке кайтарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен 9 349 450 сомдук жер тилке муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан 19 580 чарчы метр жер тилкесин (спорт аянтчасы) дыйкан чарбага берүү боюнча токтомду Үч-Коргон айыл өкмөтү 2017-жылдын 14-июнунда мыйзамсыз кабыл алынгандыгы аныкталган. 

Ошондой эле, Кадамжай кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган дыйкан чарбага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арызы толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилке айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2057