Баасы бир миллион сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келинген товар кармалды
RU

Баасы бир миллион сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келинген товар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери баасы бир миллион сомдон ашык аткезчилик жол менен ташылып келинген товарды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма-сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүдө, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, "Түштүк-Батыш" бажысынын кызматкерлери Ош шаарында "DAF" үлгүсүндөгү автоунааны токтотуп текшеришкен, деп жазылган.

Жогоруда көрсөтүлгөн автоунаанын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстанга чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 12975 кг., болгон кургатылган жемиштер табылган.

Кармалган товардын жалпы суммасы 1 024 825 сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди, деп Бажы кызматы таркаткан релизде жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/205