Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты
RU

Айсулуу Тыныбекова UWW дүйнөлүк рейтингинин сап башына чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасынын лидери жана учурдагы дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингдин (UWW) сап башына чыкты. Рейтинг уюмдун расмий сайтында жарыяланган.

Айсулуу Тыныбекова 8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн эл аралык мелдеште 62 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медалын жеңип чыккан. Бул мелдеш балбандардын рейтингине таасир этет. Анткени байгелүү орундарды алгандарга упайлар берилет.

UWW берген маалыматка ылайык, Тыныбекова буга чейин 62 кг слмак категориясында бешинчи орунда болчу. Учурда ал биринчи орунга чыккан жана анын активинде 34 упай бар.

Экинчи орунда Венгриялык Марианна Састин, үчүнчү орунда бразилиялык Лаис Нуьес.

Ошондой эле, Польшада коло медалына татыган Мээрим Жуманазарова 68 кг салмак категориясында спортчулардын арасында дүйнөлүк рейтингдин үчүнчү баскычына көтөрүлдү.

Ал эми Айпери Медет кызы 76 кг салмак категориясында спортчулардын рейтингинде 5-орунга, Нураида Анаркулова 59 кг чейинки салмак категорияда спортчулардын рейтингинде 9-орунга жайгашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2060