ТИМ: Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар кайрадан жалпы жарандык паспорт ала алышат
RU

ТИМ: Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар кайрадан жалпы жарандык паспорт ала алышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

14-июндан баштап чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде жаңы үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду (биометрикалык паспортторду) алууга (алмаштырууга) мүмкүнчүлүк алышат. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ошол эле учурда, 2021-жылдын 20-мартынан тартып, чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары биометрикалык ички паспортторду - ID-карталарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ экендиги белгиленди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2070