Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды
RU

Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алтынбек Абдувапов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Министрлер Кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун 2021-жылдын 14-июнундагы буйругу менен Абдувапов Алтынбек Каныбекович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.

15-июнда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары-экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Салык кызматынын жамаатына жетекчинин жаңы орун басарын тааныштырды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын башка буйругуна ылайык Мамытов Замирбек Качкынович Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Ал эми Салык кызматынын төрагасы И. Ж. Иманбетовдун буйругу менен ал Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын начальниги болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Салык кызматынын жетекчисинин жаңы орун басары Алтынбек Абдувапов буга чейин Мамлекеттик салык кызматында башкармалыктын начальниги кызматын ээлеп келген, деп МСКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2077