Ала-Тоо университетиндеги "Эл аралык жана бизнес укук" уникалдуу программасы
RU

Ала-Тоо университетиндеги "Эл аралык жана бизнес укук" уникалдуу программасы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Юристтин кесиби: адам-мыйзам деген категорияга кире турган кесип. Жашоодогу маанилүү маселелерди укуктук жактан кабыл алуу чечимин мыйзамдарды жөн гана мыкты билген адамга эмес, ошол мыйзамдарды коомдук кызыкчылыкты эске алып чечкен адамга ишенсе болот. Юристтин ишин тандаган инсанда адилеттүүлүк жана жоопкерчилик сезимдери жакшы өрчүгөн болууга тийиш. Алар ар дайым оор маселелерди чечишет, коомчулуктун суроо-талаптарына жооп берип, ар дайым чындыкты издеп жүргөн болушат. Ошол эле учурда ар башка көз караштагы адамдарды угуп, жана алардын айткандарын кабыл алып, анализ жүргүзүүгө тийиш. Укуктук колдоосу жок бир да чөйрө ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт. Биз сизге "Ала-Тоо" Эл аралык университетиндеги "Эл аралык укук" программасын сунуштайбыз.

Нурлан Исмаилов юридика илимдеринин кандидаты, доцент:

- Бизде чет өлкөдө окуунун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар (Erasmus+, Bilateral Exchange Programs). Эл аралык программалар өз билимиңди башка өлкөлөрдөн кеңейтип, иш жүзүндө колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт. Жыл сайын 2-4 студентти алмашуу программаларынын негизинде жөнөтүп турабыз. 2019-жылы биздин студенттер Нюрнбергдеги сот процессине катышкан. Ар жылы студенттер Индиянын Пуна шаарында өткөрүлгөн оюн түрүндөгү сот процессине, Гаагадагы (Нидерланды) ICC-2019 конкурстук сот процесстерине катышышкан. Биздин программа "Ala-Too Moot Court" мелдешин уюштурат. Академиялык билимден тышкары студенттерибиз башка көптөгөн сынактардан өз күчтөрүн сынашат. Мисалы, "Юридический хакатон АУЦА" сынагына катышып, 1-орунду алышкан. Андан тышкары Өзбекстандын Ташкент шаарында өткөн The Philip C.Jessup International Law Moot Court Competition 2020 конкурсуна барып келишти.

"Эл аралык укук" программасынын өзгөчөлүктөрү

  • Академиялык "тазалык" башкача айтканда, кандайдыр бир байланыштары жок, пара бербей, таза билим алуу. Бул университеттин башкы талабы, ошондуктан бардыгы өз күчүнө ишенип билим алууга аракет кылышат.
  • "Ала-Тоо" университетинде адистиги жогору мугалимдер, юристтер, адвокаттар иштешет. Алар академиялык даражасын чет өлкөдөн жакташкан. Өткөн академиялык жылда Америка жана Япониядан келген лекторлор бар болчу.
  • Лекциялардын 60%ы англис тилинде өтөт. Билим берүүнүн мындай өзгөчөлүгү эл аралык эмгек рыногуна чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
  • Академиялык жыл ичинде студенттер эл аралык юридикалык олимпиадларга, мелдештерге, конкурстрга катышышат. Кеминде 7-8 жолу чет өлкөгө чыгышат. Ошону менен алар тажрыйба топтоп, чет өлкөлүк теңтуштарынын, болочок оппонеттерин ыкмаларын, жөндөмдөрүн үйрөнүшөт.
  • Европадагы жождордун биринде окуусун улантуу мүмкүнчүлүгү бар. Биз магистр программасына тапшырууга аракет кылгандарга жардам беребиз. Учурда АЭУнун бүтүрүүчүлөрү Венгрия, Москва, Пекинде магистр программасы боюнча билим алууну улантып жатышат. Биздин университет заманбап, санарип доорунда жогорку билим алуу үчүн бардык шарттарды түзүп берет.

"Эл аралык укук" программасына тапшыруу тууралуу тагыраак маалыматты бул жерден билсеңиз болот:

+996 555 82 00 00;

+996 312 63 04 07;

www.alatoo.edu.kg

Дареги: Бишкек шаары, "Тунгуч" кичирайону, Анкара көчөсү, 1/8.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2079