Прокуратура: Баткен облусунда 20 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды
RU

Прокуратура: Баткен облусунда 20 млн сомдук жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан баасы 19 200 000 сом болгон 10 га жер тилкеси Кара-Бак айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылды. Бул жөнүндө Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы малымдады.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган айыл өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган токтомунун негизинде А.Н. аттуу жаранга 10 га жер тилкеси мыйзамсыз бөлүнүп берилгендиги аныкталды.

Мыйзамсыз жеке менчикке берилген жер тилкени кайтаруу максатында прокурордук акты келтирилип, жогорудагы токтом жокко чыгарылган жана 10 га жер тилке муниципалдык менчикке кабыл алынды.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен топтолгон материалдар Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2093