Тажик оппозиционери Рахмондун үй бүлөсү Кыргызстанда төңкөрүш даярдап жатат деп жазды
RU

Тажик оппозиционери Рахмондун үй бүлөсү Кыргызстанда төңкөрүш даярдап жатат деп жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандагы "Группа 24" оппозициялык кыймылдын активисти, "Рефрмалар жана Тажикстандын өнүгүүсү" кыймылынын лидери Шарофиддин Гадоевдин пикири боюнча Эмомали Рахмондун үй бүлөсү Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш жасооун пландап жатат. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазган.

Ал 2021-жылдын 9-июнунда Эмомали Рахмондун үй бүлө мүчөлөрү: уулу Рустам Эмомали, жана күйөө балдары Махмадзоир Сохибов менен Шамсулло Сохибов жана кайниси Хасан Асадуллозода, досу Шохрух Саидзода, Тажикстан УКМКсынын жетекчиси Саймумин Ятимов жана Тажикстан ИИМдин башчысы Рамазон Рахимзода жолугушканын билдирди.

"Күндүн темасы, Бишкекте мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн Садыр Жпаровдун оппозициясына каражат бөлүп берүү, - деп Шарофиддин Гадоев жазды. Рахмондун үй бүлөсү Кыргыз Республикасынын аймагын наркотрафикти өткөрүү үчүн транзиттик зона катары колдонот. Бул алардын негизги бизнеси. Садыр Жапаров бийликке келгенден баштап, Рахмондун үй бүлөсу аны менен тил табыша алган жок, ошондон улам КРдеги бийликти кулатуу зарылчылыгы келип чыкты", - деп оппозициячыл саясатчы айтып берди.

Эске салсак, мындан мурун УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев пресс-конференциялардын биринде Кыргызстандын чек арасы аркылуу көп контрабанда өтөт деп билдирген. Ташиевдин айтымында, ал бийликке келгенден тартып, контрабанда маселеси боюнча жеке өзү иш алып барат.

"Баңги зат саясатынын Борбордук Азиядгы борбору" коомдук фондунун директору, тарых илимдеринин кандидаты, отставкадагы полковник Александр Зеличенконун пикири боюнча наркотрафиктин түндүк каналы Афганистан - Тажикстан - Кыргызстан - Өзбекстан - Казакстан - Россия - Европа өлкөлөрү аркылуу өтөт. Жыл сайын Европага 20 тонна баңгизаты жеткирилет. Товардын негизги керектөөчүлөрү Россия, андан кийин Европа.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2099