"Достугубуз түбөлүктүү болот". Ташиев Жапаров экөөнүн достугу жөнүндө ушактарды төгүндөдү
RU

"Достугубуз түбөлүктүү болот". Ташиев Жапаров экөөнүн достугу жөнүндө ушактарды төгүндөдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-декабрда, Бишкекте өтүп жаткан басма-сөз жыйыны учурунда, Кыргызстандын Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев президенттикке талапкер Садыр Жапаров экөөнүн достугу тууралуу суроого жооп берди.

Ташиевдин айтымында, ал үчүн Садыр негизги кандидат болуп саналбайт, бардык кандидаттарга бирдей карайт.

"Садыр мен үчүн жакшы көргөн досум. Экөөбүз мурдатан ойлогон, элибизди-журтубузду өзгөртөбүз, кызмат кылабыз, мамлекетибизди башкача кылып түзүп, элдин, Кыргызстандын кадыр баркын көтөрүп, жакшы жашоого жеткизебиз, деген тилегибизге жетебиз деген ойдомун. Кудай кааласа, экөөбүздүн достугубуз түбөлүктүү болот. Байлык да, бийлик да ажыратпайт деген ойдомун", - деди УКМКнын төрагасы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/209