Нью-Йорк шаарында этникалык кыргыз Vogue журналына тартылды (фото)
RU

Нью-Йорк шаарында этникалык кыргыз Vogue журналына тартылды (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкада төрөлгөн Акдеңиз Марат мода тууралуу жазган Vogue журналына сүрөткө түштү.

22 жаштагы модель Акдеңиз АКШда кыргыз үй-бүлөсүндө төрөлгөнүн Kaktus.media'га айтып берди.

"Мен актриса жана модельмин. Өткөн жылы Нью-Джерси штатындагы Рамапо колледжин бүтүрүп, эки дипломго ээ болгом - журналистика жана актердук чеберчилик. Өзүм Нью-Йорк шаарында, кыргызстардын үй бүлөсүндө төрөлгөм. Кыргызстанга үч жашымда, бир эле жолу баргам", - дейт Акдеңиз.

Жаш кыз 17 жашынан модель болууга кызыга баштаган. Азыркы күнгө чейин япониялык Nippon Airways авикомпаниянын, Clinique косметикасынын жана Target соода үйүнүн жарнамаларына тартылган.

"Былтыр Kollektiv Management агенттиги менен келишим түзүп, профессионал модель болуп, абройлуу деп эсептелген Fenty косметикалык фирмасынын жарнамсына тартылган. Бул фирманын ээси дүйнө жүзүнө атагы чыккан Риана ырчысы", - деп модель айтып берди.

Америкада туулуп өскөнүнө карабастан Акдеңиз өзүн кыргызмын деп эсептейт.

"Менден этникалык жактан кайсы элге таандыксың деп сурашканда сөзсүз кыргыз экенимди айтам. Андан кийин көпчүлүгү картадан Кыргызстанды издей башташат", - дейт Акдеңиз.

Vogue журналына тартылуу үчүн кыргыз модель кастингден өткөн.

"Бул COMMISSION брендинин кийимдер коллекциясы. Аны азиялык дизайнерлер иштеп чыгышкан. Модель катары эки эле кызды тандашты. Бири мен, экинчиси индия кызы", - деп ал айтып берди.

Моделингден тышкары Акдеңиз көркөм тасмаларга тартылып, актриса болууну каалайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2100