Каналга түшүп кеткен 10 жашар кызды куткарган жаран грамота менен сыйланды
RU

Каналга түшүп кеткен 10 жашар кызды куткарган жаран грамота менен сыйланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук муниципалитет суу каналына түшүп кеткен кызды куткаргандыгы үчүн Залкарбек Сулаймановду ардак грамотасы менен сыйлады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы маалымдады.

Заманыбыздын каарманына ардак грамотасын мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов тапшырды. Ал эр жүрөк жараныбызга ыразычылык билдирип, активдүү жарандык позициясы жана чечкиндүүлүгү үчүн рахмат айтты.

Эске салсак, окуя 2021-жылдын 10-июнунда, Аламедин-1 кичирайонунда болгон. 10 жашар кыз "Аю Гранд" соода борборунун жанынан сууга кулап түшүп, каналдын ичинен бир жарым килеметр Чолпон-Ата менен Загорская көчөлөрүнө чейин агып барган. Ошол жерден аны Залкарбек Сулайманов суудан алып чыккан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2101