Эми Кыргызстандан Кувейтке түз учууга болот
RU

Эми Кыргызстандан Кувейтке түз учууга болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас эл аралык аэропорту" ААКсы, 2021 жылдын 23 июнунан тартып Кувейт-Бишкек-Кувейт багытындагы жаңы туруктуу аба каттам ачылаарын билдирет. Бул авиакаттамды Куветтик Jazeera Airways авиакомпаниясы аткармакчы.

Туруктуу каттам жумасына 2 жолу – шаршемби жана жекшемби күндөрү жүргүзүлөт.

Учуу убактысы – 3 саат 35 мүнөттү түзөт, деп аэропорттун басма сөз кызматы маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2103