Кумтөрдүн иши, Садыр Жапаров жана Өмүрбек Бабанов. 2012-жылдагы окуяларды эстейбиз
RU

Кумтөрдүн иши, Садыр Жапаров жана Өмүрбек Бабанов. 2012-жылдагы окуяларды эстейбиз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эки жумадан бери экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов камакта отурат. Эки айга эркинен ажыратуу чечимин (азырынча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат) Биринчи май райондук соту кабыл алган.

Азыркы күнгө чейин прокурорлор дагы, судьялар дагы өкмөттүн мурунку жетекчисине кандай айып коюлуп жатат деген суроого так жооп бере албай келишет, деп адвокаттар билдиришти. Алардын айтымында, айыптоонун өзү кызыктай, түшүнүксүз коюлган. Прокурорлор кандай кине коерун билбей, Бабанов коррупциялык схемаларга катышкан, деген жалпы фразалар менен кутулушту. 2012-жылы Кумтөрдүн айланасында кандай окуялар болду эле?

Бабановго карата шектөө тууралуу кабарламада биринчи кезекте 1992-жылдагы, 2003 жана 2004-жылдардагы Кумтөр боюнча макулдашуулар "Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы кабыл алынып, анын ишмердүүлүгүнүн натыйжасында мамлекеттин жана калктын экономика, экология жана калктын саламаттыгын сактоо жаатында элдин кызыкчылыгы тебеленген" деп жазылган.

2011-жыл. Кумтөр боюнча депутаттык комиссия

Эске салсак, Өмүрбек Бабанов Кыргызстандын өкмөтүн 2011-жылдын октябрь айынан 2012-жылдын сентябряна чейин жетектеген.

2011-жылдын февраль айында парламент Кумтөр боюнча комиссия түзүп, анын мүчөлөрү үч айдын ичинде алтын кен иштетүү боюнча кырдаалды иликтеп чыгып, жасаган иштеринин натыйжаларын көрсөтүшү керек болчу. Ошол комиссияны азыркы президент Садыр Жапаров жетектеген. Ал кезде Жапаров "Ата-Журт" фракциясынын депутаты болчу. Андан тышкары комиссияга бардык партиялардын бирден депутаты кирип, тогуз киши чогулган.

2011-жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөт мүчөлөрүнүн катышуусу менен убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун кароого киришкен. Отчетко дооматтардын кеңири тизмеси кирип, эң негизгиси 2003-2004-жылы канадалык Centerra Gold Inc.менен "Кумтөр" долбоору боюнча макулдашуу жана 2009-жылдагы макулдашууга катуу сын пикир айтылган. Талкуу кызуу өтүп, бир нече күнгө созулган. Бардыгы регламенттин алкагында өткөн - парламенттеги талкуулар көп эле учурда бир нече күнгө созулат.

Убактылуу депутаттык комиссия 2009-жылда түзүлгөн макулдашуунун ратификациясын жокко чыгарууну сунуштаган. Ал эми алтын кенди жаңыдан түзүлгөн "Кумтөралтын" ААК мекемесине өткөрүп берип, ал жактагы жалгыз акционер мамлекеттик мүлк фонду болуп толугу менен мамлекетке каратуу демилгеси көтөрүлүп чыккан. Кыскасы, бул улутташтыруу болчу.

Бабановдун парламентте сүйлөгөн сөзү

ЖМКдагы материлдарды карап чыгып, ошол отурумда Бабанов Centerra Gold Inc.менен түзүлгөн макулдашууда Кыргызстандын үлүшүнүн азайышы туура эместигин жана экологиялык зыян келтирүүнүн ордун толтуруу зарылдыгын айткан.

Аны менен бирге, ал депутттарды ойлонбой туруп чечим кабыл алуудан оолак болууга чакырган. Бабановдун ошол отурумдагы цитатасы:

"Урматтуу депутаттар, биринчиден өкмөттүн атынан бардыгыңарга чоң ыраазычылык билдирем. Анткени силер кыргыз элинин тарыхындагы маанилүу маселелердин бирин көтөрүп жатасыңар. Комиссиянын төрагасы Садыр Нургожоевичке жана Иманкожоевага (Эркингүл Иманкожоева - ЖКнын V чакырылышынын депутаты - эск. Kaktus.kg) да терең ыраазычылык билдирем. Бул маселелер мурда деле талкууланып келген, бирок бүгүнкү күн акыркы чеги болду. Менин ойлорум да силердикине окшош. Кандай финансылык афера менен биздикилер алгачкы 66,7% пайызды 15%га андан кийин 33%га алмашышкан? Ушуну кылгандар чыккынчылар! Бүгүн биз комиссия түзүп, керек болсо эл аралык экология компанияларын чакыртып, компанияны экологиялык жактан да текшертүү керек. Айып пул салышыбыз керек. Бул биздин пакетибизди кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Эгер биз жөнөкөй токтом менен тартып алсак, биздин иш аракеттерибиз эл аралык сотко алып келиши мүмкүн.

Андай соттун баасы 2 млрдды чапчыйт. Биздин мамлекетке 5 млрдка айланат. Тартып алуу оңой эле. Бирок анын кесепети кандай болот - биз ошону жакшылап ойлонушубуз керек", - деп ошол кездеги премьер министр парламенттен айткан.

Комиссия түзүү

Отурумда сунушталган ойлордун бири депутаттык комиссиянын корутундусун тастыктоо үчүн "Кумтөрдүн" ишин текшере турган мамлекеттик комиссия түзүү. Мамлекеттик комиссияны түзүү сунушу айтылганда "Кумтөр" ири эл аралык долбоор, ошондуктан келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылуу үчүн он депутаттын корутундусу жетишсиз, ал үчүн эл аралык консалтинг, жаратылыш боюнча ж.б. эксперттердин тастыктоочу бүтүмү зарыл, деген аргументтер келтирилген.

Натыйжасында, депутаттар "Кумтөр" боюнча бир нече токтомдордун варианттары добуш берүүгө чыгарылсын деп добуш беришти. 2012-жылдын 27-июнунда эки долбоор Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталган. Биринчиси - Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын токтому, экинчиси - парлменттеги бир нече комитеттин токтому. Депутаттар көпчүлүк добушун экинчисине беришкен. Парламенттин спикери ошол токтомго кол койгон. Депутаттык комиссиянын токтомуна отурумга катталган 108 депутаттын ичинен 35и добушун берген болчу.

Ошол документ менен Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кен иштетүүчү компаниянын ишмердүүлүгун текшерүү үчүн мамлекеттик комиссияны түзүү токтомун чыгарып, бул 3-июлда, Бабановдун төрагалыгы алдында өкмөттүн жыйынында ишке ашырылган.

Анын башчысы катары Темир Сариев дайындалган. Ал кезде Сариев экономика министри болчу. Мамлекеттик комиссиянын курамына президенттик жана өкмөт аппараттын өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирген. Мамлекеттик комиссия өзүнүн ишинин натыйжасын 1-октябрга даярдаш керек болчу.

Жогорку Кеңештин токтомуна ылайык, комиссиянын мүчөлөрү өндүрүштүк, экологиялык, социалдык зыян келтирүүлөргө баа берип, "Кумтөр" долбоору боюнча жаңы шарртарды эске алуу менен макулдашууну кайрадан карап чыгып, компанияны башкаруудагы КРдин өкүлдөрүнүн курамын кайрадан карап чыгып ж.б. кылмак.

Белгилей кетели, Бабановго коюлган шектөөлөр, ал Жогорку Кеңештин айрым депутаттар менен биргеликте убактылуу депутаттык комиссиянын отчетун кабыл алынышына каршы чыгып, кандайыр жолдор аркылуу башка депутаттардын добуш берүүсүнө таасир эткен имиш, дегендин тегерегинде куралган.

Бабановдун адвокаты билдиргендей, тергөөнү пикири боюнча "Кыргыз Республикасынын жогорку саясий жетекчилиги кара ниеттик менен жеке кызыкчылыгын көздөп, өлкөнүн жана КРдин калкынын кызыкчылыгын четке кагып, канадалык компания үчүн өзгөчө шарттарды түзүү максатында экономикалык жана экологиялык коопсуздукту курмандыкка чалышкан". Ал эми Бабанов өзү, Исхак Пирматов, Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, Талант Узакбаев жана ЖКнын башка депутаттары менен Садыр Жапаровдун демилгесине каршы добуш берүүгө үндөгөн. Бирок, 2012-жылдын 27-июнундагы добуш берүүнүн протоколун карап көрсөк, Бабанов лидери болуп саналган "Республика" фракциясынын депутаттары дагы Жапаровдун токтому үчүн добуш бергенин көрүүгө болот.

"Республикадагы" менин тарапташтарым да жеке пикирин билдирип, добуш беришкен. Алардын арасында макул болгондор, каршы добуш бергендер жана добуш бергенден баш тарткандар да бар. Ушунун өзү фракциянын ичинде да депутаттар өз алдынча добуш бергендигинин далили эмеспи?", - дейт Бабанов.

Мамлекеттик комиссия түзүлгөндөн кийинки окуялар

Комиссия түзүлгөндөн кийин премьер Кумтөр алтын кенине барып, канадалык компаниянын жетекчилиги менен жолуккан. Алардан мамлекеттик комиссиянын суроо-талабы менен зарыл болгон материлдарды дароо көрсөтүүсүн талап кылган. Документтерди көрсөтүүнү создуктуруу өкмөт тарабынан комиссиянын иштөөсүнө жолтоо болуу катары бааланып, тиешелүү чаралар көрүлөт, деп айткан.

Ошол эле учурда Centerra Gold Inc. компаниясындагы директорлор кеңешинде Кыргызстандыктардын өкүлдөрү эки кишиден үч кишиге чейин көбөйгөн, ал эми компаниянын жетекчилигине вице-президент кызматы киргизилип, бардык финансылык ишмердүүлүктөн кабар алууга уруксат берилген.

2012-жылдын 5-июлунда өкмөт жетекчиси мурунку премьер министр Данияр Үсөновдун "Кумтөргө" 16 миң га жерлерин берүү токтомун жокко чыгарып, жерлерди кайрадан мамлекетке кайтарган. Тергөөнүн пикири боюнча, Бабанов канадалык компаниянын кызыкчылыгын көздөп, мамлекетке зыян келтирген.

Комиссия 2012-жылдын август айында арадагы отчет берүүгө жетишкен.

"Кумтөр" боюнча арадагы отчет бергенден кийинки окуялар

Биринчиден, Өмүрбек Бабанов 2010-жылдын апрель айындагы мародерлук боюнча иликтөө иштерин баштаган. Натыйжасында, коалиция бүлүнүп, 2012-жылдын 1-сентябрянда премьер-министр кызматынан отставкага кеткен.

Баса, аны отставкага кетирген депутаттар азыркы тергөөнүн оюу боюнча аны менен сүйлөшүп алган.

Экинчиден, 2012-жылдын башында Кумтөр алты кенин улутташтырууга үгүттөгөн митинг парламенттин алдында өткөн. Андан кийин Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаров камакка алынган болчу.

Белгилей кетсек, ЖКнын токтомунун негизинде "Кумтөр" боюнча түзүлгөн комиссия өзүнүн ишин Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган кезде 2012-жылдын декабрь айына чейин улантты. Текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия экологиялык төлөмдөрдү жогорулатып, жаңы "хвостохранилище" салдырып, экологияга келтирилген зыянды - 7 млрд сом төлөп берилиши керектигин айткан.

"Кумтөрдүн" ишинде логикага сыйбаган көрүнүштөр кайсылар?

1. "Кумтөр" долбоору боюнча негизги дооматтар - бул Акаев жана Бакиев учурунда кабыл алынган макулдашуулар. Бул макулдашууларды парламент биринин артынан экинчисин түзгөн комиссиялар өлкөнүн кызыкчылыгын коргобойт, деп айтышкан.

2. 2012-жылдагы "Кумтөр" боюнча чечимди өлкөнүн мыйзам чыгаруучу башкы органы Жогорку Кеңеш коллегиалдык түрдө кабыл алган, б.а. эл тандаган депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен.

3. Камакка алуу жана суракка алуулар парламенттин буйругун ишке ашырган аткаруу бийлигине тиешелүү болуп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2105