Жалал-Абадда дүйнө кубогунан байгелүү келген спортчуну тосуп алышты
RU

Жалал-Абадда дүйнө кубогунан байгелүү келген спортчуну тосуп алышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн 24-декабрда Жалал-Абад шаарынын кире беришинен А.Харлампиевдин элесине арналган күжүрмөн самбо мелдешинде байгелүү орунду багындырган Бектур Идирисовду тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ал КРнын ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасында эмгектенет. Милициянын ага сержанты Бектур Идирисов 18-19-декабрь күндөрү Москва шаарында өткөрүлгөн дүйнөлүк кубокто коло медаль уткан.

Берилген маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын начальниги, милициянын полковниги Алмазбек Жусупов, "Шумкар" АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын командири, милициянын подполковниги Равшан Кожобеков, Жалал-Абад шаарындагы "Динамо" спорт клубунун башкы машыктыруучусу, эл аралык даражадагы спорттун чебери Нурбек Самидинов жана спортчунун жакын туугандары катышышып, анын ийгилиги менен куттукташты. Дүйнөлүк мелдешке катышуу жана байгелүү орундарды багындыруу сыймык экендигин белгилешип, Кыргызстандын желегин мындан ары да дүйнөлүк аренада желбиретип жүрүүсүн каалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/210