Жек Ма жашоо образын өзгөрттү
RU

Жек Ма жашоо образын өзгөрттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Alibaba компаниясынын негиздөөчүсү миллиардер Жек Ма пиардан алыс болуп, өзүнүн хоббисине көңүл бурууга аракет кылат. Бул тууралуу Alibaba компаниясынын төрагасынын аткаруучу орун басары Жо Цай билдирди, деп маалымдайт Reuters.

Төраганын орун басарынын айтымында, Ма "таң калыштуу компанияны" куруп, эми убактысын жана күчүн бизнеске эмес, азыр жасагысы келген нерселерге жумшоону чечти.

"Ал чындыгында абдан жакшы. Сүрөт тартууну хобби кылды азыр жакшы тарта баштады", - деди Жо Цай.

Цай белгилегендей, учурда миллиардер өзүнө жаккан нерсени жасоону каалап жатат, мисалы, кайрымдуулук иштери.

"Жек Ма өзгөчө деген идея, менин оюмча, туура эмес. Ал сен экөөбүзгө окшогон эле адам. Биздин бизнес каржылык көз караштан алганда, ошондой эле монополияга каршы көз караштан алганда кандайдыр бир реструктуризациядан өтүп жатат "Бизге чоң айып пул салышкан болчу. Бирок баары артта калды, биз алдыга гана умтулуп жатабыз", - деп түшүндүрдү Цай.

Жек Ма былтыр күзүндө Кытай өкмөтүн сынга алгандан кийин коомдук ишмердүүлүгүн токтоткон. Андан кийин КЭР бийлиги Alibaba Group компаниясына каршы монополияга каршы тергөө ишин баштап, анын компаниясынын акцияларын сатууга тыюу салган. Ошентип, бир күндө эле ал 3,5 миллиард доллардан ашык акчасын жана Азиядагы эң бай адам наамын жоготкон.

Андан кийин миллиардер эл алдына видео аркылуу гана чыккан. Январь айында ал айылдык мугалимдерди колдоо боюнча онлайн иш-чарага катышкан. Апрелдин ортосунда Ма Орус Географиялык Коомунун Камкорчулар Кеңешинин видео конференциясына катышкан.

Буга чейин Кытай Alibabaдан медиа активдеринен арылууну талап кылып, компанияны тарыхтагы эң ири айып пулду төлөп берүүгө милдеттендиргени кабарланган. Мындан тышкары, өлкө бийлиги Джек Ма бизнес мектебин студенттерди кабыл алууну токтотууга мажбурлап, анын компаниясынын өкүлдөрү жана ишкердин өзү менен өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Жолугушууларда компаниядан чыгып, Жек Ма үлүшүн сатуу маселеси талкууланды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2114