Мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакка алынды
RU

Мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тайырбек Сарпашев камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда УКМКдан билдиришти.

УКМК берген маалыматка ылайык, коррупция фактысы боюнча тергөө жүрүп жаткан учурда Кумтөр алтын кенин иштетүү долбоорун ишке ашыруунун ар кайсы этаптарында мурунку биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кылмыштуу иш аракеттери аныкталган. Ал өлкөнүн мурунку саясий жетекчилиги жана канадалык "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүп алып алардын кызыкчылыгын көздөп мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна залакасын тийгизген чечимдерди кабыл алган.

Андан тышкары Сарпашев республиканын Суу кодексине өзгөртүүлөду киргизип, "Кумтөр голд компаниге" мөңгүлөрдө алтын кен иштетүүго уруксат берген. Бул өз кезегинде Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келген.

Ошого байланыштуу 17-июнда Сарпашев "Коррупция" фактысы камакка алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2121