Бишкектин ЖЭБи газга өткөрүлбөйт. Бийлик менен Газпром мунасага келе алган жок
RU

Бишкектин ЖЭБи газга өткөрүлбөйт. Бийлик менен Газпром мунасага келе алган жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин ЖЭБин газга өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр убактылуу токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.

Анын айтымында, Газпром сунуш кылган баа өтө жогору.

"Компания бааны 175 долларга түшүрүүнү сунуштап жатат. Биз анын кымбат экендигин эсептеп чыктык. Эгерде биз жок дегенде 100 миң долларга 300 миң кубометрге түшүрүшкөндө, анда биз баасын макулдашмакпыз. Алардын тарифи көмүргө салыштырмалуу тогуз эсе кымбат болуп жатат", - деди Марипов.

Ал кошумчалагандай, азыркы тапта Түркмөнстандан газ алуу мүмкүнчүлүгү каралып жатат.

"Бул маселе Садыр Жапаровдун иш сапарында талкууланат", - деп белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2127