Асылбек Жээнбековду сотко алып келишкен жок. Ошондуктан жыйын жылдырылды
RU

Асылбек Жээнбековду сотко алып келишкен жок. Ошондуктан жыйын жылдырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 18-июнда, Бишкек шаардык сотунда адвокаттардын Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго жаза көрүү чарасын өзгөртүү өтүнүчү каралып жатат.

Соттун жыйынына Ирина Воронцова төрагалык кылып жатат.

Адвокат Давран Касымовдун айтымында, анын жакталуучусун УКМКнын СИЗОсунан сот залына алып келишкен эмес. Андан тышкары онлайн-жыйынын да уюштуруп бершикен жок.

"Мен сот отурумуна ЖМКнын өкүлдөрү жана омбудсмен аппаратынын кызматкерлери катышсын, деген өтүнүч менен кайрылгам. Бирок соттук коллегия өтүнүчүмдү канаатандырган жок", - деди адвокат.

Ошонун негизинде жактоочулар соттук коллегияны четке каккандыгын билдирип, кеңешүүчу бөлмөгө кирип кетишти.

Асылбек Жээнбековду сот залына жеткирип келүу камсыздалбаганына байланыштуу соттук отурум 23-июнга жылдырылды.

Эске салсак, Асылбек Жээнбеков 31-майда "Кумтөр" иши боюнча камакка алынган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2130