Асель Кадырбекова: Болгону бизди колдоп койгула жана талкуу кылбагыла
RU

Асель Кадырбекова: Болгону бизди колдоп койгула жана талкуу кылбагыла

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Түркияга ден соолугун текшерткени барып келген ырчы Асел Кадырбекова Нурлан Насип менен жолугушкандыгы тууралуу айтып берип, Instagram баракчасына кызы жана Нурлан Насип менен деңиз жээкте турган видеосун жүктөгөн.

Видеону көргөндөрдүн көпчүлүгү аларды жарашты деп ойлоп, каалоо-тилектерин калтырышкан.

"Бизге бакыт каалагандарга рахмат. Бакытты ар ким өзүнүн каалоосуна жараша алат. Биз кызыбыз үчүн жакшы мамилени сктап калууга аракет кылабыз. Ал Нурлан Насип бул жакка өзүнүн жеке жумуштары менен келип, кызын көрүп, аны да клипке тартайын деди. Мен колдодум", - деген ал.

Ошондой эле жеке жашоосу тууралуу суроолор көп берилип жатканын, бул жабык тема экенин кошумчалады.

"Бул туурасында такыр ооз ачкым келбейт. Баарына эле түшүнүктүү болсо керек. Тагдырын ушундай жол менен чечкен биринчи жана тилекке каршы акыркы үй-бүлө эмеспиз. Бул эки тараптуу чечим. Болгону бизди колдоп койгула жана талкуулабагыла. Маңдайга жазылганын көрөбүз", - деп жазылат постунда жазылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2136