Кыргызстандын Ирандагы жана Австриядагы элчилери дайындалды
RU

Кыргызстандын Ирандагы жана Австриядагы элчилери дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Жарлыктарга кол койду, ага ылайык, Кыргызстандын чет мамлекеттердеги атайын жана ыйгарым укуктуу элчилери дайындалды, деп билдирди мамлекет башчынын администрациясы.

Турдакун Сыдыков Иран Ислам Республикасындагы элчи жана Тегерандагы Экономикалык Кызматташтык Уюмунун туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Парламенттин профилдик комитети анын талапкерлигин 2021-жылдын 24-майында жактырган. Ал атайын тапшырмадагы элчи, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун кеңешчиси болгон.

Төлөндү Макеев Австрия Республикасындагы Элчи, Кыргыз Республикасынын БУУдагы, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму жана Венадагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды.

Буга чейин Макеев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Экинчи Саясий департаментинин директору болгон. 2005-2010-жылдары тышкы иштер министринин орун басары, ШКУнун Кыргызстандагы улуттук координатору болгон. Буга чейин ал Германиядагы элчиликте ар кандай кызматтарда иштеген.

Ошол эле учурда, президенттин жарлыктары менен Авазбек Абдуразаков Ирандагы, Бакыт Жусупов Австриядагы жана баш кеңсеси Венада жайгашкан эл аралык уюмдардагы элчи кызматынан бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2140