"Кышында курткасы жок жүрөт". Бишкекте өспүрүм бала кайыр сурап жүрөт
RU

"Кышында курткасы жок жүрөт". Бишкекте өспүрүм бала кайыр сурап жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактардын кыргыз тилдүү сегментинде Бишкектин көчөлөрүндө кайыр сурап жүргөн өспүрүм бала тууралуу маалымат таркатылууда. Ал апасын дарылоо үчүн каражат чогултуп жаткан өңдөнөт.

"Байкуш бала, үшүгөнүнөн титирейт. Бирде ГУМдун жанынан бирде Ош базар жакта отурган болот. Курткасы жок. Атасы менен подвалда жашайт экен. Апасы оорукчан, айылда калган дейт.

Паспорту жок, ошондуктан эч ким жумушка ала албайт. Күндө түнкү саат 11ге чейин ошол жерде отурат экен", - деп Нурзат Нурмаматова деген колдонуучу жазган.

"Балдардын укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгуль Турдубекованын Kaktus.media редакциясына айтып бергенине караганда, ал бул өспүрүм бала тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан алган. Өспүрүм бала 17 жашта. Атасы менен Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан келген.

"Социалдык башкармалыктын кызматкерлери өспүрүм менен жолугушкан. Анын атасы ар кайсы жумушта иштеп, эптеп каражат табат, апасы башка баласы менен Токтогул районунда калган. Учурда социалдык кызматкерлер өспүрүм баланы коргоо боюнча индивидуалдык план иштеп чыгышууда", - деп түшүндүрдү Турдубекова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/214