Биз жеңгенбиз! Биз жеңебиз! "Эмгек" партиясы ишин кайрадан креативдүү баштады
RU

Биз жеңгенбиз! Биз жеңебиз! "Эмгек" партиясы ишин кайрадан креативдүү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эмгек" саясий партиясы бүгүн Бишкек шаардык кеңешине карата үгүттөө кампаниясын баштады.

"Эмгек" партиясынын шайлоо штабынын бардык кызматкерлери масштабдуу үгүттөө иштерин баштоо үчүн иш үстүндө биригишти. Түн ортосунда алар үгүт өнөктүктү кеңири баштоого даярданып башташты. Алдыдагы шайлоого штаб дыкаттык менен даярданууда.

"Эмгек" партиясы башкалардан кесипкөйлүгүү жана креативдүүлүгү менен айырмаланат. 11-апрелде өткөн БШК шайлоосунун алдында партиянын талапкерлери шаардыктар менен активдүү иштерди жүргүзүшкөн. Партиянын мүчөлөрү байма-бай шардыктар менен жолугушуп, өзүлөрүнүн программасы менен тааныштырып турушкан. Талапкерлердин ачыктыгы менен кесипкөйлүгү байкалбай койгон эмес. "Эмгек" партиясы шайлоодо биринчи орунга чыгып, шайлоочулардын көп бөлүгүнүн добушун алган. Бирок, анткени менен шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылып, шайлоону кайра өткөрүү жолго коюлган.

"Эмгек" кайрадан шайлоого катышууну чечти. "Он миңдеген бишкектиктердин ишеними бизге болгон ишеним дем-күч берип, андан ары кадам таштоого кубат берет. Ошондуктан, биздин команда кайрадан шайлоого катышууга бекем белсенип, шаарыбыздын жыргалчылыгы үчүн эч нерсеге карабастан алдыга коюлган максаттарга жетүүнү чечти" - деп партиядан билдиришти.

Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4ү номер менен катышууда. Партиянын девизи – "Биз жеңгенбиз. Биз жеңебиз!"

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 21.06.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2175