Жогорку Кеңештин депутаттарын Бабановдун иши боюнча сот отурумуна киргизбей коюшту (видео)
RU

Жогорку Кеңештин депутаттарын Бабановдун иши боюнча сот отурумуна киргизбей коюшту (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 22-июнда, Бишкек шаардык соту Өмүрбек Бабановдун адвокатынын жазага тартуу чарасын өзгөртүү боюнча даттануусун карап жатат.

Соттун имаратына Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жеенчороев араң кирди. Андан кийин ал Өмүрбек Бабановдун соттук отуруму өтүп жаткан залга кирүүгө аракет кылган.

Жеенчороев соттук приставдардан аны залга өткөрүп жиберүүсүн суранды, бирок алар баш тартышты. Жеенчороев менен кошо Кенжебек Бокоев, Аккулу Бердиев, Акылбек Кемелов деген депутаттар келишкен. Аларды да сот залына киргизбей коюшкан.

Сот залына Бабановдун жубайы менен балдары ызы-чуу салып жатып араң киришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2182