Жаш гимнаст Амира Касымова Австриянын күмүш медалына татыды (видео)
RU

Жаш гимнаст Амира Касымова Австриянын күмүш медалына татыды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11 жаштагы Амира Касенова Австрияда өткөн көркөм гимнастика боюнча чемпионатта күмүш медаль алды. Бул тууралуу Kaktus.media'га анын чоң атасы Капарбек Кокумов билдирди.

Анын айтымында, өткөн дем алыш күндөрү Австриянын Винер-Нойштадт шаарында көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты өтүп, 89 жаш спортчу ат салышкан.

Амира Касымова 13 жашка чейинки атаандаштары менен мелдешке катышып, обруч менен көнүгүүдө биринчи орунду, ал эми булава жана топ менен мелдеште экинчи орунду алды. Упайлардын суммасы эсептелип, Амира экинчи орунга татыктуу болду.

Кокумовдун берген маалыматына ылайык, анын небереси беш жашынан бери көркөм гимнастикага барат. 2019-жылы Австриянын курама командасына кирген. Учурда эл аралык турнирлерге жана расмий чемпионаттарга катышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2186