Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылабы? Сот анын кайтарылышын мыйзамсыз деп тапты
RU

Текебаев депутаттык мандатынан ажыратылабы? Сот анын кайтарылышын мыйзамсыз деп тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 25-декабрда, Бишкек шаардык сот Темирлан Ормуковдун Бишкектин Административдик соттун Өмүрбек Текебаевге депутаттык мандаттын берилишин мыйзамсыз деп табуу тууралуу чечимине арыздануусун карап чыкты.

Эске салсак, ушул жылдын октябрь айында Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын алган. Анын кылмыш иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөндүктөн Боршайком ушундай чечим кабыл алган. Андан кийин Темирлан Ормуков БШКга доо-арызы менен кайрылган. Доогердин пикири боюнча, шайлоо комиссиясы Текебаевге мандатын кайтарып берүүгө укугу жок болчу, анткени анда айыпталуучу деген статус бар.

23-ноябрда Административдик сот БШКнын 2020-жылдын 15-октябрындагы токтомун жараксыз деп тапты. Себеби, ошол токтомдун негизинде Текебаевге Жогорку Кеңештин депутаты деген статус кайтарылган.

Ормуков, шаардык сот бул чечимди колдогонун билдирди. "Эгер БШК үч күндүн ичинде бул чечим боюнча даттанбаса, анда Өмүрбек Текебаев мандатынан ажыратылат. Шаардык соттун чечими жарыя болгон учурунан тартып күчүнө кирет. Башкача айтканда, эми Текебаев жөнөкөй жаран жана Биринчи май райондук сотунун жөнөкөй соттолуучусу", - деди Ормуков.

Текебаев "коррупция" беренеси боюнча 8 жылга кесилген болчу. 2019-жылы Жогорку сот жаңы ачылган кырдаалдарга байланыштуу анын ишин кайра карап чыгууга кайтарып берген. Ошондон бери ал үй камагында.

Белгилей кетсек, шаардык соттун чечими аткарылууга милдеттүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/218