Асылбек Жээнбеков бошотулган жок. Ал сот залынан кандай машине менен кетти? (видео)
RU

Асылбек Жээнбеков бошотулган жок. Ал сот залынан кандай машине менен кетти? (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 23-июнда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековду жазага тартуу чарасын өзгөртүү даттануусун карады. Эске салсак, УКМК аны "Кумтөр" ишине тийиштиги бар деп айыптап жатат.

Өткөндө камакка алынган Жээнбеков менен Зулпукаров сот залына алынып келбегендиктен соттук отуруму жылдырылган болчу. Анда адвокаттар жакталуучулардын алынып келүүсүн талап кылып, соттук коллегия алардын талабына макул болгон.

Бүгүн, соттук коллегия райондук соттун чечимин күчүндө калтырып, жактоочу тараптын даттануусун канааттандырган жок.

Белгилей кетсек, Сот имаратынын алдында Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековдун жана Төрөбай Зулпукаровдун 200гө чукул тарапташтары митинг өткөрүп жатышат. Алар соттун адилет өтүүсүн жана алардын лидерлерин камактан бошотулуусун талап кылып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2204