Министрлер Кабинетинин Төрагасы юстиция министрин кабыл алды
RU

Министрлер Кабинетинин Төрагасы юстиция министрин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын юстиция министри Асел Чыныбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Юстиция министри "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын жүзөгө ашыруунун алкагында министрлик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы мыйзамдарды инвентаризациялоонун жүрүшүндө мамлекеттик ар бир органдын жана коомчулуктун пикирин эске алуу зарылдыгын белгиледи.

"Күчүн же актуалдуулугун жоготкон мыйзамдарды укуктук колдонуудан алып салуу керек. Кайталанма мыйзамдарды синхрондоштуруу зарыл. "Аракеттеги мыйзамдар менен ченемдик-укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын жаңы Конституциясына ылайык келтирүү боюнча иштер маанилүү аспекти болуп саналат", – деп айтты Улукбек Марипов.

Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү жана аларды санарип форматына өткөрүү маселелери талкууланды.

"Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн алкагында санарипти киргизүү боюнча иштерди ыкчамдатуу зарыл. Электрондук кол тамганы, электрондук нотариатты киргизүү – булар бардыгы убакытты талап кылат, бирок чечиле турган маселелер. Мамлекеттик нотариустар жөнүндө өзүнчө айта кетким келет. Бардык жерде кезек күтмөйлөр. Бул маселе токтоосуз чечүүнү талап кылат. Айрым функцияларды жеке нотариустарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн караштырып көрүү керек. Эгерде, аны кылууга мүмкүн болбосо, мамлекеттик нотариустардын штатын көбөйтүү маселесин карап көрүү кажет. Бардык реформаларда жана өзгөрүүлөрдө биз биринчи кезекте калктын жашоосун жакшыртуу жөнүндө ойлонушубуз абзел", – деп баса белгиледи Министрлер Кабинетинин башчысы.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улукбек Марипов мыйзам долбоорлорун даярдоо жаатында аткаруу бийлигинин органдарынын ишмердигин координациялоону камсыздоо жана жаралган көйгөйлөрдү ыкчам чечүү үчүн өз убагында маалымдоо маселелерин караштырууну тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2215