Райым Матраимов мамлекетке өткөрүп берген имарат тууралуу эмнелер белгилүү?
RU

Райым Матраимов мамлекетке өткөрүп берген имарат тууралуу эмнелер белгилүү?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги "Эльдорадо" соода борбору таандык болгон "АвтоСТОлица" ЖЧКсы 2020-жылдын 6-ноябрынан тарта жабылды. Буга Юстиция министрлигиндеги маалымат далил.

Эске салсак, кечээ, 24-декабрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимов мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен кайтарды, деп билдирди. Ошондой эле Матраимов Бишкек шаарынын Жибек Жолу менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Эльдорадо" соода борборун мамлекетке өткөрүп бергени белгилүү болду.

Имарат жана жер тилкеси тууралуу

Кадастр кызматынын маалыматына ылайык, жер тилкеси жана Жибек Жолу 381 дареги боюнча жайгашкан курулуштун өзү "АвтоСТОлица" компаниясына таандык.

Соода борбору жайгашкан жер тилкесинин аянты 25 сотка (2 533 кв.метр). Беш кабаттуу имараттын пайдалуу аянты 4 миң квадрат метрге тете.

Ээси ким?

Ушул жылдын 6-ноябрына чейин имараттын ээси Жумаева Минавар Шабыевна болуп келген. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жубайы.

2018-жылга чейин бул жер жана курулуш AKA Immobilien GmbH компаниясына таандык болуп келген.

"Эльдорадодо" кайсы компаниялар иштешет?

2ГИС берген маалыматка ылайык, учурда бул имаратта жети компания иштейт:

"Мега авто" автодүкөнү;

"Супер-Инфо" гезитинин редакциясы;

"Супер-Инфо" сайтынын редакциясы;

Super Media пресс-борбору;

ADS Group компаниясы;

TezGruz Кытайдан товарларды алып келген логистикалык компания;

"Смарт Бизнес Консалтинг" юридикалык компания.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/221