Айыл чарба министрлиги Бишкекте жаңы жылдык жарманке өткөрөт
RU

Айыл чарба министрлиги Бишкекте жаңы жылдык жарманке өткөрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жылдын алдында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги мэрия менен биргеликте айыл чарба жарманкесин өткөрөт. Жарманке 2020-жылы 26-декабрда Бишкекте Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде болот.

Иш-чарага 75 компания катышат, жарандарды колдоо максатында дыйкандар айыл чарба продукциясын дүң баада сатышат.

Министр Тилек Токтогазиев өз сөзүндө "Мындай жарманкелер туруктуу негизде өткөрүлүп турушу керек, анда ар бир жаран азык-түлүктү ортомчуларсыз жана арзан баада сатып ала алат. Бул жолу министрликтин жанындагы бир көчө Жаңы жылдын жарманкесине айланат. Мен ар бир Бишкек шаарынын жашоочусун чакырам. Биз сиздерге майрамдык маанай тартуулаганга аракет кылабыз ", - деди ал.

Жарманке 26-декабрь күнү саат 10: 00дө башталып, төмөнкү айыл чарба азык түлүктөрү көрсөтүлөт:

• Эт азыктары

• Суу майы

• Жумуртка

• Балык

• Сүт азыктары

• Колбаса

• Жашылча жер жемиштер

• мөмө жемиштер

• кургатылган жемиштер

• Суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/223