"Бул саясий күрөш." Жээнбеков УКМКнын тергөө абагынан кыргызстандыктарга кайрылуу жасады
RU

"Бул саясий күрөш." Жээнбеков УКМКнын тергөө абагынан кыргызстандыктарга кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Менин айланамдагы болуп жаткан окуялар, мен бул иштердин бардыгын саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык болуп жатат. Өлкөнүн конституциясы жана мыйзамдары бузулуп жатат", - деп айтылат Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун билдирүүсүндө. УКМК аны "Кумтөр" иши боюнча айыптоодо.

Белгилей кетсек, саясатчы арызды УКМКнын СИЗОсуна жазып, андан кийин туугандарына өткөрүп берип, алар социалдык тармактарга жарыялаган.

"Мага байланыштуу болуп жаткан бул иштерди мен саясий күрөш деп эсептейм. Мыйзамсыздык үстөмдүк кылууда. Өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдар бузулуп жатат.

Үч жолку чакырылышта парламентке депутат, эки ирет Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландым. Инсан катары да, депутат катары да, парламенттин төрагасы катары да эч качан мыйзамсыз иштерди жасаган эмесмин.

"Кумтөр" иши боюнча менин таза экенимди ошол кезде кабыл алынган документтер өзү эле айтып турат. Убактылуу депутаттык комиссия даярдаган токтомду төрага катары мен кол койгон парламенттин чечимдери менен салыштырып, окуп көргөн адам өзү баарын түшүнүп алат.

Баарыбыздын кылганыбызды Кудай Өзү таразалап коет.

Өлкөдө жөнөкөй эмес социалдык-экономикалык абал орун алууда. Эпидемиологиялык кырдаал да кайрадан курчуп жатат. Мындай учурда мамлекетибизге ынтымак, биримдик керек.

Акыркы кезде мага артылып жаткан куру доомат, жалган жалаа мени адилеттик, акыйкаттык, абийир үчүн күрөшкө түртөт. Баарыбыз мыйзамсыздыкка каршы турушубуз керек.

Келечекте балдарыбызга калтыра турган эң чоң байлык – бул укук, мыйзамдуулук үстөмдүк кылган Кыргыз мамлекети.

Мага колдоо көрсөтүп жаткандарга ыраазылык билдирем", - деп жазган Жээнбеков өз билдирүүсүндө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2257