Ош шаарында жаңы жылдык балатынын отун жандырышты
RU

Ош шаарында жаңы жылдык балатынын отун жандырышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

25-декабрь күнү кечинде, Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балатынын отун жандырышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

30 метрлик жаңы жылдын символу улуттук оймолорду камтыган оюнчуктар менен көркөмдөлгөн. Ал эми чокусуна эки метрлик жылдыз орнотулду.

Андан тышкары борбордук аянт күйүп жанган чоң шарлар жана фотозоналарга ылайыкталган башка экспозициялар менен кооздолду.

Ош шаарынын мэриясы эскертти, быйыл көңүл ачуучу иш чаралар жана концерттер болбойт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/225