Кыргызстандын жаңы муфтийи Замир кары Ракиев жөнүндө эмне белгилүү? Толук өмүр баяны
RU

Кыргызстандын жаңы муфтийи Замир кары Ракиев жөнүндө эмне белгилүү? Толук өмүр баяны

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 26-июнда Замир Ракиев өлкөнүн жаңы муфтийи болуп шайлангандыгы белгилүү болду. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы жаңы шайланган муфтийдин толук өмүр баянын жарыялады.

Биография

Замир кары Ракиев 1978-жылы 15-февралда Нарын облусунун Кочкор районундагы Шамшы айылында туулган.

Билими жогорку: Бишкек шаарынын Борбордук мечитиндеги медресени аяктаган. Египеттеги Аль-Азхар Ислам Университетинде "диндин негиздери" адистиги боюнча окуусун уланткан. Замир кары Ракиев ошондой эле Бишкек гуманитардык университетинин чыгыш таануучу адистигин аяктаган.

Эмгек жолу:

  • 2007-2008 Чүй обл, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде мугалим.
  • 2008 -2010 Чүй обл, Аламүдүн району, "Абу Бакр Сыддык" медресесинде директор.
  • 2010 – 2011 Нарын облусунун казысы.
  • 2011 -2016 Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин орун басары.
  • 2016- 2017 Кыргызстан мусулмандар дин башкармасынын окуу бөлүмүнүн башчысы.
  • 2017-жылдын май айынан тарта Азирети муфтийдин орун басары.

Үй-бүлөлүү, бир уулу жана эки кызы бар. Араб жана орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2262