УКМК Кыргызстандын муфтийин шайлоого кийлигишкен жокпуз деп ынандырууда
RU

УКМК Кыргызстандын муфтийин шайлоого кийлигишкен жокпуз деп ынандырууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кыргызстандын муфтийин шайлоого кийлигишкен деген маалыматты четке какты.

"Айрым ММКларда жана социалдык тармактарда улуттук коопсуздук кызматкерлери муфтийди шайлоого кийлигишип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт.

УКМК Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын ишине кийлигишүүгө укугу жок, анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн", - деп айтылат комитеттин билдирүүсүндө.

Бул "Нур" партиясынын мүчөсү Руслан Бекназаровдун муфтийликке ат салышып жаткан айрым талапкерлерге атайын кызмат тарабынан кысым көрсөтүлүп, өз талапкерлигин алып салуу керек деген билдирүүсүнө карата маалымат кызматынын реакциясы ушундай.

Белгилей кетсек, муфтияттын шайлоосу кечээ, 26-июнда филармонияда өттү. Уламалар кеңеши Замир Ракиевди өлкөнүн жаңы муфтийи кылып шайлаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2269