Турция өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү
RU

Турция өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Турция өлкөгө кирүү талаптарын күчөттү, COVID-19 үчүн терс тесттин жыйынтыгын берүү милдеттүү. Бул тууралуу Республикалык Штаб маалымдады.

Турцияга 28-декабрдан тартып учак менен 30-декабрдан тартып жер үстүндөгү транспорт менен келген ар бир жүргүнчү акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 үчүн терс ПЦР тестин тапшырышы керек. Бул тууралуу Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерде жарыялады. Чаралар 2021-жылдын 1-мартына чейин күчүндө болот.

Эгер тесттин жыйынтыгы жок болсо, анда кирүүгө тыюу салынат.

Пандемия башталгандан бери Түркияда 2 миллиондон ашуун адам коронавируска чалдыккан, 19 миңден ашуун адам каза болгон. Учурда өлкөдө коменданттык саат жана Жаңы жылды майрамдоого кеңири тыюу салынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/227