"Северэлектро" веердик свет өчүрүүлөрдү киргизеби?
RU

"Северэлектро" веердик свет өчүрүүлөрдү киргизеби?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media'нын көпчүлүк окурмандары "Северэлектронун" жаңы жылдык куттуктоосу бар квитанцияларды алышты, анда убакыт көрсөтүлгөн график жазылган.

Бир катар окурмандар, билдирүүнүн текстин котормосун окуп, бул маалыматты электрэнергиясынын веердик өчүрүлүшү катары кабыл алган. Бирок бул жөнүндө кеп да болгон эмес. Квитанциянын арткы бетине энергетика системасына максималдуу көп күч келген убакыт көрсөтүлгөн.

Компания ошол мезгил аралыкта жылыткычтардын кубаттуулугун жогорулатпай турууну суранат. Билдирүүдө веердик өчүрүү тууралуу эч кандай маалымат жазылган эмес.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/228