Пикир келишпестик мушташка айланды. Мигрант дүкөндөгү кардарды бөтөлкө менен башка чапкан
RU

Пикир келишпестик мушташка айланды. Мигрант дүкөндөгү кардарды бөтөлкө менен башка чапкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Москва шаарында жергиликтүү жаран кыргызстандык мигрант менен мушташа кеткен. Бул тууралуу "Царьград" порталы жазып чыккан.

Москва шаарында алкомаркеттин биринде 27 жаштагы кардар менен 28 жашар сатуучу - кыргызстандык мигранттын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Кайым айтышуудан кийин экөө мушташа кетишкен.

Кыргызстандык жаран москванын тургунун бөтөлкө менен башка чаап салган. Медиктер ага башынын төбөсү көгөрүп калган, деп диагноз коюшкан.

Жабырлануучу полицияга кайрылып, шектелүүчү камакка алынды.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2300