БШКга шайлоосу. "Эмгек" партиясы жаңы конуштар менен көлмөлөрдү өркүндөтөт
RU

БШКга шайлоосу. "Эмгек" партиясы жаңы конуштар менен көлмөлөрдү өркүндөтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күн мурун депутаттыкка талапкер Мелисбек Токталиев Арча-Бешик жаңы конушунун 18-көчөсүнүн тургундары менен жолугуп, үгүт иштерин жүргүздү.

Ал бишкектиктердин көйгөйлөрүн угуп, талкуулап, "Эмгек" партиясынын шайлоо программасы жөнүндө айтып берди. "Эгерде биз БШК келсек, баш калаадагы жаңы конуштардын инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылабыз. Зарыл болгон жерлерге жаңы мектептерди, бала бакчаларды, эс алуучу жайларды, жолдорду жана тротуарларды курабыз. Ошондой эле электр жарыгын, суу түтүктөрүн жана канализацияны орнотобуз", - деди Мелисбек Токталиев.

Талапкер Руслан Шаршенбай уулу Западная жана Саратовская көчөлөрүнүн кесилишинде, ал эми дагы бир талапкер Самат Дөлөтбаков 10-кичи районундагы №30 үйдүн жашоочулары менен жолугушуу өткөрдү. Алар "Эмгек" партиясынын көлмөлөрдү жакшыртуу боюнча пландары тууралуу айтып беришти. Борбор каалада жай мезгилинде ысыктан сактана турган чакан көлдөр бар.

Бирок алар жыл сайын толтурулбайт жана чанда гана тазаланат. Партия БШКга келгенден кийин ал көлдөрдү толук кандуу эс алуу жайларына айлантууну пландап жатат. Көлдөр жана пляждар үзгүлтүксүз тазаланып турат. Алардын жээктерине чечинип-кийинүүчү жайларды, даараткана, навес жана отургучтарды орнотуп, кайыктарды ижарага берүү уюштурулуп, милиция жана куткаруучулар нөөмөттө турушат.

Жолугушуулар ачык асман алдында жана бардык санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү. Ар бир жолугушууга 15-20дай адам катышып жатты.

БШКга кайталап шайлоо ушул жылдын 11-июлуна белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4чү номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 29.06.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2302