Үгүттөөчүдөн талапкерге чейин. Элизавета Алымбаева "Эмгек" партиясынын эмгекчилери жөнүндө
RU

Үгүттөөчүдөн талапкерге чейин. Элизавета Алымбаева "Эмгек" партиясынын эмгекчилери жөнүндө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Элизавета Алымбаева – тажрыйбалуу ишкер айым. Жашоосунда көп ийгиликтерди багындырып, балдарын тарбиялап өстүргөн соң, жашоосунун дагы бир өңүтүн Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп баруудан ачсамбы деп турат. Ал бизге буга чейин кантип аталган партиянын үгүттөөчүүсү болгонун, эмне үчүн талапкерлерлигин коюп жатканын жана эмне себептен бишкектиктердин көбү "Эмгекти" тандашаарын айтып берди.

- Сиз кайсы жерлик болосуз жана эмне менен алектенесиз?

- Мен Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулгам. Кесибим – педагог. Жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин бизнес менен алектенгем. 1992-жылдан бери жеке ишкер катары соода тармагында иштейм. Бойго жеткен эки балам жана бир неберем бар.

"Эмгек" партиясынын катарына 2011-жылы партия түптөлгөндөн баштап кошулгам. Партия үчүн жан дилим менен күйөм. Апрелде өткөн БШК шайлоосунда үгүттөө иштерине активдүү катыштым. Саясатка кызыккан, шайлоонун маанисин түшүнүп, шайлоо участкасына атайын барып, добуш берген кызыктуу адамдар менен тааныштым. Мындай адамдар менин көңүлүмдү жылытты.

Ал учурда биздин үгүттөө иштерибиз мазмундуу жана таза өткөндүктөн, миңдеген бишкектиктер татыктуулугуна карап, акылга салуу менен бизге добуш беришти. Ошондон кийин көпчүлүк шайлоонун кайрадан өткөрүлөрүнө таң калбай койгон жок. Бирок, ошондо биз жеңгенбиз, алдыдагы шайлоодо кайра биз жеңебиз деп ишенем!

- Эмне себептен бул жолкусунда талапкерлигинизди коюуну чечтиңиз?

- Мен көп убакыт бою үй-бүлөм, балдарым үчүн иштеп келдим. Эл үчүн кызмат кылуу убактысы келип жетти деп ойлойм. Бишкек шаарында 40 жылдан бери жашайм. Биздин тынч, көрктүү жана жашыл шаарыбызды абдан жакшы көрөм. Анын өнүгүшүн жана ар бир тургун үчүн жайлуу жайга айланышын каалайм.

- Шайлоочулар менен жолугуп жатасызбы?

- Албетте. Базардын профсоюзунда мүчөмүн. Ошондой эле базардагы бир нече катарларга башчымын. Ар күнү азыраак топтор менен чогулуп, шаарга байланыштуу маселелерди талкуулап жатабыз.

Көпчүлүк жеткиликтүү бала бакчалардын жок экенин айтып, муниципалдык бала бакчаларды ачууну суранып жатат. Жеке менчик мекемелердин баасы адатта өтө эле жогору.

Өткөндөгү маршруттук таксилердин иш таштаган учурунда муниципалдык транспорт аздык кылып, биздин кызматкерлер үйлөрүнөн базарга каттоодо кыйынчылыктарга дуушар болушкан экен. Бул көрүнүш кайра да кайталанбайбы деп кабатырланып жатышат.

Шайлоочуларды андан сырткары жолдордун абалы тынчсыздандырат.

- Бул маселелерди чечүүнүн жолдору сизге белгилүүбү?

- Биздин "Демилгелүү шаар" аталышындагы программабызда аталган маселелерди чечүүнүн жолдору көрсөтүлгөн. Андагы бир пункт мектепке чейинки жана мектеп жашындагы билим берүүгө багытталган. Эгерде БШКга келип калсак, шаардык бюджеттин жана муниципалдык-жеке менчиктик өнөктүктүн негизинде жаңы билим берүү мекемелерин курабыз. Алар көпчүлүк үчүн жеткиликтүү болот. Мугалимдерге стимул берүү үчүн айлык акыны кошумчалап беребиз.

Транспорт маселесин чечүү үчүн инвесторлорду тартабыз. Лизинг келишими менен газ менен жүрүүчү, көп киши бата турган, коопсуз автобус жана троллейбустарды алып келүүнү пландап жатабыз. Аны менен бирге эле велосипед, самокат, гироскутерлерди ижарага берүү маданиятын өнүктүрөлү дейбиз. Муну менен шаардын маршруттук таксилерден көз карандылыгы азаят, ал эми экология болсо жакшырат.

Калктуу конуштардын көйгөйлөрүн өзгөчө белгилеп айтып кетпесе болбойт. 2021-жылды жашап жатсак дагы кээ биринде электр жарыгы, суу, канализация, жол жана тротуар деген керектүү нерселер жок. Калктуу конуштар шаардын толук кандуу бир бөлүгү болуп, анда калктын көпчүлүк бөлүгү жашайт. Биз алар үчүн жайлуу, ыңгайлуу шарттарды түзүп беришибиз керек.

Ар күнү жолдошум, неберем болуп "Ынтымак" паркында сейилдейбиз. Ал жерде чуркап машыгам. Борбор калаада мындай эс алуу жайларынын ачылып жатканы кубандырат. Эгерде биз БШКга өтүп калсак, жаңы парктарды, бакчаларды курабыз (анын ичинде калктуу конуштарга дагы).

- "Эмгек" партиясын бир сөз менен сыпаттап кетсеңиз.

- Эмгекчилердин партиясы. Мен "Эмгектин" бардык талапкерлерин билем. Алар кесипкөй, билимдүү, тарбиялуу жана татыктуу инсандар. Арабызда жаштар аз эмес. Ошондой болушу кажет! Жаштар энергияга толуп турат жана идеяга бай. Аларга өзүн көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берүү керек.

Биз өз тармактарыбызда ийгиликтерге жеттик. Эми эмгегибизди сүйүктүү шаарыбызга арноого убакыт келип жетти.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 29.06.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2303