Бала бакчаларды, мектептерди куруу – "Эмгек" партиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири
RU

Бала бакчаларды, мектептерди куруу – "Эмгек" партиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Эмгек" саясий партиясы бишкектиктер менен жолугушуусун улантууда. Депутаттыкка талапкер Төрөгелди Узакбаев Бишкек шаарындагы №1017 УШКнын шайлоочулары менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту.

Иш-чаранын жүрүшүндө шайлоочулар бул аймактын ички жолдоруна асфальт төшөлбөгөндүктөн, шагыл жолдо жеңил унаалар күнү-түнү каттагандыктан чаң сапырылып, жөө жүргүнчүлөр үчүн да кыйынчылык жаратаарын айтышты. Ошондой эле алар негизги көйгөйлөрүн бири - билим берүү мекемелеринин жетишсиздигин жана каналицазия, түнкү чырактардын жоктугун билдиришти.

Төрөгелди Узакбаев өз кезегинде алар көтөрүп жаткан маселени чечүү жолдору "Эмгек" партиясынын "Демилгелүү шаар" деген программасында толук камтылганын баса айтты. Ошондой эле талапкер партия куру убадалардан алыс болуп, алдына амбициялуу, бирок аткарыла турган милдеттерди койгонун белгиледи.

"Ооба, сиздердин көтөргөн маселени абдан жакшы түшүнүп турам. Мен сиздерге эртең эле жолунарды оңдотуп, тротуарларды салып жана көчөңөрдү жарыктандырып берем дегенден алысмын. Бирок сиздер "Эмгек" партиясын колдосоңуздар, анда биз шаардык кеңешке келген күндөн тартып бул маселенин үстүндө иш алып барууга бар күчүбүздү жумшайбыз. Дагы бир жолу белгилей кетсем, биздин программада шаарды өнүктүрүп, жөө жүргүнчүлөр үчүн 200 чакырым тротуар куруу, 100 чакырым вележолдорду салып, жарандарга ыңгайлуу абалды түзөлү деп сунуштап жатабыз",- деди Узакбаев.

"Ошондой эле биздин партиянын программасында калктуу конуштар жөнүндө бир нече пункт бар. Бала бакчаларды жана мектептерди куруу биринчи кезектеги милдет. Мындан тышкары, тиешелүү жерлерде электр, суу түтүктөрүн жана канализацияны орнотобуз. Тротуарларды, жолдорду салып жана бардык шарттары бар заманбап эс алуу жайларын курабыз. Биз билим берүү кызматкерлерин колдойбуз. Алардын татыктуу айлыгы болушу керек.

Айтып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга биздин экрибиз жетет. Анткени биздин күчтүү команданы шайлоочуларыбыз колоп, биз шаардык кеңешке келсек, анда билимибизди жана тажрыйбабызды шаардын өнүгүшө жумшап, алдыга жылат элек деген ишенимдемин. Себеп, биз эл үчүн кызмат кылууну каалайбыз", - деп кошумчалады ал.

Жогоруда аталган аймактын жашоочулары "Эмгек" партиясынын пландарын жогору баалап, талапкерге шайлоодо ийгиликтерди каалашты.

Жолугушуулар ачык асман алдында жана санитардык нормаларды сактоо менен өткөрүлдү.

БШК шайлоосун кайталап шайлоо 11-июлга белгиленген. Шайлоо бюллетенинде "Эмгек" партиясы 4 деген номер менен катталган.

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 90а. Буйуртмачы: "Эмгек партиясы" саясий партиясы. Партиянын финансы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Омуралиева М.З. тарабынан "Эмгек партиясы" саясий партиясынын атайын шайлоо фондунун каражатынан төлөндү.

Чыга турган күнү: 30.06.2021-ж. Нускасы: 1.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2318