Чет элдик кылмышкерлер Кыргызстанда терракт өткөрүүнү пландаштырышкан. Алар камакка алынды
RU

Чет элдик кылмышкерлер Кыргызстанда терракт өткөрүүнү пландаштырышкан. Алар камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК ИИМ менен биргеликте КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын камакка алышты. Алар өзгөчө катаал кылмыштар үчүн жаза тартып жаткан жеринен качып чыгып, Кыргызстандын аймагында жашынып жүрүшкөн. Күч органдары качкындарды Жалал-Абад облусунан табышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган кылмышкерлер Кыргызстандын аймагында террористтик актыларды ишке ашыруу үчүн мыйзамсыз киришкен. Алардын пландары боюнча андан кийин жасалма документтер менен Сириядагы куралдуу конфликт жүрүп жаткан жерге өтүшмөк.

Кылмышкерлер Жалал-Абад облусунун ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Алардын иш аркетине жардам берген жарандарды аныктоо боюнча тергөө-оперативдик иш чаралар уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/232