1-июлдан тартып медиктердин айлык акысы көтөрүлдү
RU

1-июлдан тартып медиктердин айлык акысы көтөрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Медицина кызматкерлерине убада берилгендей базалык оклад көтөрүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бизге буюртма берилгендей эле айлык акы ҮДБнин дарыгерлеринен тышкары бардыгына 40-50%га көтөрүлдү. Айдын аягында медиктер жогорулатылган айлык алышат", - деп ведомостводон айтышты.

Буга чейин сертификациясы бар бардык үй бүлөлүк жана жалпы практикадагы дарыгерлердин, андан тышкары алгачкы медико-санитардык жардам көрсөткөндөрдүн маянасы 100%га көтөрүлгөн болчу. Маселен 5 миң алып жүрсө мындан ары 10 миң айлык ала баштады. Ошол эле учурда, индикаторлор үчүн үстүнө кошуп төлөөнү алып салышкан, натыйжасында дарыгерлер мурункудан азыраак алып калышты. Анда да чыр чыккан болчу.

Эске салсак, март айында премьер-министр Улукбек Марипов ушул жылдын 1-июлунан тартып өлкө боюнча бардык медиктерге айлык акы көтөрүлөт, деп айткан болчу.

Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков 1-июлдан тартып стационардык кызматтардагы жана орто медперсоналдын айлыктары 50%га, ал эми техникалык кичимедперсоналдын айлыктары 40%га көтөрүлө турганын тактап айтты.

Ошол эле учурда азыркы компенсациядык жана стимул берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр сакталуу бойдон калат.

Малымкат

Базалык оклад - бул бир календардык ай ичинде өзүнүн кызматында милдеттүү түрдө аткара турган иши үчүн компенсациялык, стимул бере турган жана социалдык төлөмдөрдү эске албаганда төлөнө турган бекитилген айлык акы.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2335