Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы деле "Бикард" клиникасында дарыланууда
RU

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы деле "Бикард" клиникасында дарыланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы деле "Бикард" клиникасында дарыланып жатат. Бул жөнүндө Kaktus.media редакциясына күч структураларынан айтып беришти.

Эске салсак, ал өзгөчө оор кылмышка айыпталып, УКМКнын СИЗОсунда камакта болчу.

Алардын берген маалыматына ылайык, 2021-жылдын май айынын соңунан бери Абылгазиев "Бикард" клиникасында дарыланууда. Бирок, анын диагнозу түшүнүксүз, жүрөгү ооруп жатабы же башка органдарында көйгөйү барбы.

Кыргызстандын УКМКсы өкмөттүн мурунку башчысынын диагнозу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

"Бикард" клиникасынын генералдык директору Турдали Заиров клиникада КРдин мурунку өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин жана "Кыргыз темир жолу" мекемесинин генералдык директору Василий Дашков да дарыланып жатканын Kaktus.media'га тастыктады.

"Биздин клиника менчик медициналык мекеме, бизде дарыланып жаткан жогорку кызматта иштеген эки бейтаптын диагнозун ачыктай албайбыз. Диагнозду алардын жакын туугандарына гана айтып бере алабыз", - деди Заиров. Ошол эле маалда Заиров медициналык сырга шылтап. Абылгазиев канча убакыттан бери аларда жатканын айтуудан баш тартты.

Эске салсак, 2021-жылдын 21-майында, Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Абылгазиевди УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу жазасы 2021-жылдын 26-июлуна чейин узартылган болчу (8-июнда аны "Бикард" клиникасына которушканы белгилүү болгон - Kaktus.media ред).

Белгилей кетсек, мурунку премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мыйзамсыз байыган деп айыпталууда. УКМК берген маалыматка ылайык, ал премьер-министр болуп турган кезинде "Кумтөр голд компани" ЖАКка геологиялык чалгындоолорду жүргүзүү үчүн кошумча жерлерди бөлүп берген. Алтын кендин жалпы аянты эки эсе чоңоюп, 26,3 миң гектарды түзгөн болчу. Анын ичинде бир нече мөңгү жана корук бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2340