Алымкадыр Бейшеналиев: Депутаттар сын айткан сайын менин эл арасындагы авторитетим өсөт
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Депутаттар сын айткан сайын менин эл арасындагы авторитетим өсөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Парламенттеги депутаттар көп ирет Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди сынга алышкан. Вакцинация жүргүзүү кампаниясын, коронавирусту уу коргошун менен дарылоо аракетин ж.б. Бир нече жолу министрди отставкага кетирүү аракетин да көрүштү. Акыркы жыйында Аида Касымалиева аны нормалдуу эмес, деп айтып, адискөй медиктерден министрди кызматынан кетирүү аракетин көрүүгө чакырды.

Бирок, Алымкадыр Бейшеналиевге бул чымын чакканчалык да болгон жок. Министрдин ою боюнча депутаттар канчалык сын айткан сайын анын аброю ошончолук жогорулайт.

"Кыргызстанда жашап жатканыбызга сүйүнүшүбүз керек. Эмне деп айтсак да бизге боло берет. Сөз эркиндиги бар. Мына, кечээ мени депутаттар "сумашедший" деп айтышты. Эми ал адамдын өзүнүн, депутат болуп ушинтип айткандан...Алар ошентип айткан сайын менин авторитетим көтөрүлүп жатат. Саламаттыкты сактоодогу реформаны жасап жатам. 30 жылдан бери жасалбаган иштерди кылып келатам. Медиктер таңкалып, бардыгы союз учурундагыдай болуп калды деп айтышты. Бир район үчүн бир главврач башы менен жооп берет. Мурда бешөө жооп берчү. Биринен сурасаң, бирине шылтап, жоопкерчиликтен качып турушчу. Былтыр мына элдер оорукананын эшигине такалып, ичине кире албай калышпадыбы. Азыр андай жок, болбойт дагы. Себеби мен чогулткан команда күндө иштеп, керт башы менен жооп берет", - деди министр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2361