"Кетейин дейм, кете албайм". Нурсултан Назарбаев эс алууга кете албастыгынын себебин айтты
RU

"Кетейин дейм, кете албайм". Нурсултан Назарбаев эс алууга кете албастыгынын себебин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев бардык ишти таштап эс алууга кетүүнү каалаган жашка келгенин, бирок аны ишке ашыра албай тургандыгын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Чынын айтсам, менин курагымда иштен алыстагың келет, бирок колумдан келбей турат. Анткени, көптөр кат жазып, жолугушууну суранышат, ошондуктан иштегенге туура келет. Почтага кат көп келет, эл аралык жана өзүбүздүкү, бирок бул жакшы болсо керек. Мээ иштесин деп бир нерсе менен алек болуп туруу керек", - деген Назарбаев.

Казакстанды дээрлик 30 жыл жетектеген Назарбаев 2019-жылдын 20-мартында президенттик кызматтан кеткен. Бирок, Коопсуздук кеңешинин башчысы жана бийликтин "Нур Отан" партиясынын лидери ккатары кызматын сактап калган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2362