Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды
RU

Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпонбек Абыкеев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 2-июлда Садыр Жапаров кол койду.

Чолпонбек Абыкеев 10-майдан бери министрлер кабинетинин төрагасыны Улукбек Мариповдун кеңешчиси кызматын ээлеп келген . Буга чейин Талас облусунун айыл өкмөтүндө иштеп, 1991-2005-жылдары "Аалам" гезитинин башкы редактору, кийин Архив агенттигин жетектеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/2365