Саламаттыкты сактоо министрлиги миллион доллардан ашык суммага пайдасыз конконтракт түзгөн
RU

Саламаттыкты сактоо министрлиги миллион доллардан ашык суммага пайдасыз конконтракт түзгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башкы прокуратура Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миллиондон ашык АКШ долларына мамлекет үчүн пайдасыз контракты түзгөндүгүн аныктады. Бул тууралуу Генералдык прокуратура маалымдады.

Белгилүү болгондой, Башкы прокуратурасы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинде текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен Министрликтин айрым кызмат адамдары өз кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, 2014-2019 жылдарга карата аудит жүргүзүү боюнча консультациялык кызматтарды сатып алууда, тийиштүү мониторинг жүргүзбөстөн ага негизсиз жогору сумманы пландаштырып, өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгында "D.&T." ЖЧКсы менен билип туруп мамлекет үчүн пайдасыз 1 060 730 АКШ долларына контракт түзүп, анын негизинде аталган ЖЧКга 63 млн. 804 миң 432 сом которулуп, натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмүндө зыян келтирилген.

2020-жылдын 5-декабрында Башкы прокуратура тарабынан жогорудагы факты Кыргыз Республикасынын ЖКнин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 322-бер. (Билип туруп пайдасыз контракт түзүү) менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш ишин жүргүзүү жагы тийиштүү тергөө органдарына тапшырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/237